Ысык-Көл облусунда жер титиреди
Бишкек. 21 - февраль. КирТАГ –Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 20-февраль күнү саат 21:51де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы айылдарында 3 балл, Өрнөк, Чырпыкты, Чоң-Сары-Ой айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.