Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Дата: 16:25, 16-07-2019.
Бишкек. 16 – июль. КирТАГ – Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 15:36да болгон.
Жер титирөөнүн күчү Ак-Суу районунун Май-Саз айылынында 2,5 балл болуп сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар болгон эмес.