Тоң районунда эки чабан кар күрткүгө кабылды
Бишкек. 7 - октябрь. КирТАГ –Ысык-Көл облусунда эки чабан кар күрткүдө калды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Маалыматка караганда, Тоң районунда 6-октябрында саат 14:30да Төрт-Көл айыл аймагынын Тоң ашуусунда мал-жандыктарын айдап бараткан 2 чабанды (1976-ж.т. М.Т. жана 1973-ж.т. К.Н.) кар көчкү түшүп, басып калган, бирок алар өз алдынча көчкүнүн астынан чыгышып жардам сураган.
Жерине КР ӨКМнен 6 куткаруучу, тез жардам кызматы жана айыл аймагынан 7 адам тартылып, жабыркагандарды Тоң райондук ооруканага жеткирген.
Учурда абалдары канааттандырарлык, бутунан жана жамбашынан жаракат алышкан, ал эми мал-жандыктарды (жабыркаган эмес) туугандары айылга айдап кетишкен.