КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 20:59 | 28 жалган куран

Ысык-Атадагы мечиттен акча уурдаган эки жигит кармалды

Дата: 14:17, 15-07-2019.

Бишкек. 15 - июль. КирТАГ – Ысык-Ата районунун Милянфан айылындагы мечиттен акча уурдап кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Шектүүлөр Милянфан айылында жайгашкан мечитте кайыр-садага кутусундагы акчаны уурдап жаткан учур видеокамерага түшүп калган. Окуя 10-июль күнү болгон.

Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгүн тактап, колго түшүрдү. Алар — Талас облусунун 1998-жылы туулган тургуну К.А. жана Бишкек шаарынын 1996-жылы туулган тургуну О.И.

Бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери уланып жатат.

Поделиться новостью: