КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:17 | 29 жалган куран

Венгриянын Тышкы иштер министри расмий сапар менен Кыргызстанга келди

Дата: 17:24, 19-02-2020.

Бишкек. 19-февраль. КирТАГ –Бир күндүк сапардын жүрүшүндө Венгриянын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын КР Президенти С.Жээнбеков, КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков жана бир катар КР министрликтеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушуулардын учурунда 2019-жылдын сентябрында болуп өткөн соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер Өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи отурумунун жыйынтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу маселелери, ошондой эле 2020-жылдын биринчи жарымында КР Президенти С.Жээнбековдун Венгрияга сапарын уюштуруу жолу менен кыргыз-венгер кызматташуусун мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери талкууланды.

Расмий сапардын алкагында бизнес-форум өттү жана анын ишине курамына 32 венгер компанияларынын өкүлдөрү кирген Венгриянын олуттуу бизнес-делегациясы катышты.
Ч.Айдарбеков менен П.Сийяртонун кеңейтилген курамдагы жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча КРнын жана Венгриянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2020-2021-жылдарга кызматташуу Программасына кол коюлду.

Тараптар Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча жаңы Стратегиясынын алкагында мындан аркы кызматташуунун, анын ичинде, климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо, айыл чарба, энергетика, суу ресурстары жана туризм чөйрөлөрүндө кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинде кызматташуунун алкагында мамилелердин өнүгүшүнүн оң динамикасын белгилешти, атап айтканда, 2018-жылы Венгриянын Түрк Кеңешинде байкоочу статусун алуусун, 2019-жылы Будапешт шаарында Түрк кеңешинин өкүлчүлүгүнүн ачылышын жана ал өкүлчүлүктү каржылоого венгер тарабынын даярдыгын белгилешти.

Поделиться новостью: