КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:51 | 25 чын куран

Венгрия жана Молдова 2020-жылы ЕАЭБге кириши мүмкүн

Дата: 15:30, 29-11-2019.

Бишкек. 29 - ноябрь. КирТАГ – Венгрия жана Молдова 2020-жылы Евразиялык Экономикалык биримдигине кириши мүмкүн. Бул тууралуу КазТАГ жазды.

ХIV Эл аралык «Евразиялык экономикалык интеграция» конференциясында Венгриянын вице-премьер-министри Михай Варга кийинки жылы Венгрия ЕАЭБге кирүүгө нияттенип жатканын билдирди.

Ошондой эле Молдова президентинин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Елена Горелова өз өлкөсүн ЕАЭБге кирүүнү пландап жатканын айтты.

Белгилей кетсек, учурда ЕАЭБге Казакстан, Россия, Беларусь, Кыргызстан жана Армения мүчө. Молдава байкоочу өлкө болуп саналат.

.

Поделиться новостью: