Усенбек Касымакун, калдыркан болот ойлоп чыгарган окумуштуу: «Менин эң жука болот чыгаруу технологиям чет өлкөгө сатылса, өлкөнүн экономикасына чоң салым алып келет»

Дата: 18:25, 27-01-2014.


Азыркы убакта патент алуу иши жүрүп жатат жана жаңы болоттун үлгүсүн чет өлкөлүк компанияларга чыгарып берүү маселеси чечилип жатат. Бирок, мунун бардыгына $25 миң каражат талап кылынат, улуттук окумуштууда андай акча жок. Усенбек Касымакун КирТАГ менен болгон маегинде өзүнүн ачылышы жөнүндө жана аны колдонуу жаатында айтып берди.

- Ойлоп чыгарган нерсеңиздин идеясы качан жаралган?

- 30 жылдан бери ушул жаатында изилденип келем, Москва шаарында аспирантурада окуп жатканда, Россиянын азыр жеңил автоунаалардын кузовун жасоо үчүн чыгаруучу болот жасаган чоң металургиялык заводдорунда болгондо. Андан кийин Фрунзеге келгенде изилдөөмдүү уланттым. Ошол кезде бүгүнкү ачылыштын негизи түзүлгөн - эң жукаа болоттун барагын чыгаруу боюнча. Мен бул долбоорду 2004-жылы баштагам, бирок каражаттын жана базанын жоктугунан, долбоордун ишке ашышы оордукту жараткан. Өкмөт жөн гана көзөмөлдөөчү болуп тура берген. Биз көп ирет өкмөткө, Жогорку Кеңешке, мурунку, бүгүнкү бийликке кайрылганбыз, бирок колдоо болгон эмес. 2011-жылы АКШ мамдепартаменти, ал кезде мамлекеттик катчы Хилари Клинтондун демилгеси боюнча, Борбор Азияга эң жукаа болот чыгаруу долбооруна сынак  жарыялаган. Мен ошол конкурстун женүүчүсү болгом, ошол эле жылы 5-майдан 17-майга чейин АКШда болдум. Ал жакта жыл сайын болот чыгаруучу компаниялардын өкүлдөрү конференцияда чогулушат, алардын бары менен жолуктум. Азыр биздин сунуш каралып жатат, алар биздин чыгарган болоттун  үлгүсүн кутуп жатышат. Биздин өлкөдө болот чыгаруучу базанын жоктугунан, биз Батыштын эң алдынкы ишканаларынын биринде Австрияда үлгү катары болгон болоттун 6 партиясын чыгарууну сүйлөшүп жатабыз. Андан соң, ал BMW, Mercedes, Volkswagen сымал автоунаа куруучу заводдордо сыноо өтө алат. Бул болоттун автоунаа курууга эң керектөөчүү сапаттары жогору. Жаңы болоттун тажрыйба партиясын чыгаруу үчүн - бир нече ар кандай калындыктагы, позициядагы рулондорго $25 миң талап кылынат. Бирок, биз бул технологияны кайсы бир компанияга сата алсак, мен Кыргызстанга салык төлөйт элем, кирешенин 10% - бул өлкөнун экономикасына чоң салым болмок.

-Жаңы болот автоунаа куруу үчүн гана иштетилиши мүмкүнбү?

- Эгерде башка тармактарда иштетүүнү алсак, курулуш өнөр-жайын же болбосо кеме курулушун жана транспорттук курулушту айтсак болот. Мындай болоту жайылтуу, детальдарды жана түзүлүш системасын көп мөөнөткө колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары болоттун сапаттары көп, эң жукаа, цинктин чыгымы жана продукциянын өздүк наркы төмөндөтүлгөн. Баарынан эффективдүүсү бул болот түштүк-чыгыш Азияда өнөр жай курулуш жана автоунаа курулуш жаатында иштеткен жакшы. Азыр соода Азия - Тынч океан аймагына көтөрүлүп жатат, анткени, ал жакта жердин 70% эли жашайт: Кытайда, Индияда, Түштүк-Чыгыш Азияда, Филипин өлкөсүндө, Австралияда, Малазияда. Нымдуу тропикалык климаттуу өлкөлөрдө, цинктелген барак бир жылдан кийин жада калса үч жолу боёктосоң да дат басып кетет. Биздин жаңы каптоо кылым бою кызмат кыла алат. Биз бул каптоо жагымсыз климат менен байланышканда бузулуп кетпээрине убада беребиз.

-Патентти чет өлкөгө сатпай эле, бул болотту Кыргызстанда чыгаруу мүмкүнбү?

-Бул жерде инфраструктура жок, мисалы, өнөр жай ишканасын курсак дагы, биринчи салым катары $1,5 млрд керектелет. Бир эле автоматташтырылган биздин технология боюнча болот чыгарган линияга $200 млн чейин каражат талап кылынат. Бул жабдуулардын гана баасы, мындан тышкары жогорку квалификациядагы адистер керек, бул жерде сатууга мүмкүнчүлүк жок. Биз, жада калса, эң жакын турган Китай өлкөсүнө да импорт кылганга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бизде чынында өнөр жай бузулган. Кыргызстанда бул ойлоп тапкан нерсени иштете албайбыз, муну Батыш Европада, АКШда, өнүккөн күчтүү болот чыгаруу технологиялык базасы бар өлкөлөрдө иштетсе болот. Керектөөчулөр да бар, чоң автоунаа куруучу ишканалар да көп. Ошондуктан менин оюмча, бул болот Европада жана АКШда иштетилет.  Май айында   Америкада    машина куруу  үчүн   болот  өндүрүүчүлөрдү чогулткан  жыйын  өтөт. Анда  атайын   баяндама жасоого  мени  да чакырып  жатышат.  Мен  доклад үчүн  тезис  жөнөттүм. Анда  мен  технологияны  өнүктүрүү  боюнча атайын  концепция менен  чыгып билдирүү  жасайм. Ал жыйында  биздин  ойлоп  тапкан  калдыркан  болот  продукциябыздын    келечек  тагдырын  талкуулаган  жолугушуулар, сүйлөшүүлөр  өтөт.  

- Сиз өзүңүз ойлоп  тапкан ийгиликке эл аралык  патентти качан  алууга ниет кылып жатасыз?

- Эларалык  патент  алууга  арыз Бүткүл дүйнөлук интеллектуалдык менчик уюмуна  2012-жылдын 3-октябрында  жөнөтүлгөн.  Бул уюмдун эрежесине ылайык,  жооп 18 айдан киийн  берилет.

- Өзүңүз ойлоп  тапкан  болоттту  кайсыл мекеме-ишканаларга  сунуштоону ойлоп  жатасыз?

- Биз  качан  татыктуу үлгүнү жасоого  жетишкенде, BMW, Mercedes, Toyota компанияларына сунуштаса  да  болот.

-Өкмөт тараптан  кандай  жардам  болду?

-Биздин өкмөт өзүн эч нерсе  укпагандай,  корбогондой алып  жүрөт.  Дүйнөлук  деңгээлдеги  инновациялык  долбоордон  жардам сурадым. Анткени,  Кыргызстан  бүткүл дүйнөлук   соода уюмуна, өнөр-жай менчиги  боюнча париж конвенциясына, дүйнөлүк  интеллектуалдык  уюмуна мүчөбүз. Кызматты экспорттоо   жүрүүдө, тагыраак айтканда азыр  сырье экспорттолбогон тенденция  жүрүүдө.  Учурда   табигый  ресурстарга бай ири  өлкөлөр да технологияны  экспорттоону каалап же  болбосо импорттун ордун  алмаштыруу  аракеттерин  жасашат. Ошондуктан  интеллектуалдык менчиктин  үлүшү, баасы   ресурстан кыйла  жогору  болууга  тийиш.  Ошондо  гана ал  атаандаштыкка  мүмкүнчүлүк алат. Экономистердин    сөзүнө  караганда,  азыр  дүйнө   өнүккөн постиндустриалдык баскычка чыккан,  технологиялык   тартип - бул заманбап, информациялык технологиянын, инновациялык  экономиканын  кылымы. Сырьену, тамекини сыртка чыгарабыз,  биз  даяр  товарды экспортко чыгарбайбыз, ал эми  жаңы технологиялар туурасында  такыр  сөз  кылуунун кажети  жок.  Мында    проблема     мамлекеттик  экономиканы  башкарууда. Ал эми көйгөйү коррупция  жана кадрлардын жетишсиздигинде.  Бизде  инновацияны  өнүктүрүүдө  улуттук система жок. Кыргыз патент каттоо органы катары  инновация менен  алектенет. Бирок, 20 жыл аралыгында  кыргыз окумуштууларынын   бир  дагы  ойлоп табуулары, ачылыштары   эл аралык  деңгээлге чыккан жок.

- Ойлоп  табууларыңыз үчүн  кандай  сыйлыктарга  ээ болдуңуз?

-Менин  23 ойлоп  табууларым бар. Сыйлыкты мамлекет  берет. Бербесе атайлап  сурабаймын. Коомчулуктун жетишкендиги мамлекеттин  мамилесинен  билинет. Эгер  коом  баалабаса анда эч кандай көңүл буру  жок деп   айтса  болот.  Мен  үчүн башкы  максат -  жаңы ойлоп  табууларды  тажрыйбада колдонулушу. Бул  чоң  ийгилик  жана  жетишкендик.

Поделиться новостью: