Урматбек Кокочаров Архитектура жана курулуш агенттигине директор болуп дайындалды

Дата: 16:31, 18-02-2020.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – Урматбек Кокочаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кокочаров Урматбек Курманбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды .

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Поделиться новостью: