КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 5:31 | 29 жалган куран

УКМК: Сирияда атайын даярдыктан өткөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Дата: 09:18, 05-11-2019.

Бишкек. 5 - ноябрь. КирТАГ - 2019-жылдын октябрь айында КР УКМК өнөктөш кызматтар менен биргеликте эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана согушкерлердин КР аймагына кирүү каналына бөгөт коюуу алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР жараны 1995-ж.т. Жалал-Абад облусунун тургуну “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн“Х.М.” кармалды.

Такталган боюнча, кармалган адам 2015-жылы Сирияга кетип, диверсиялык-террористтик атайын даярдыктан өтүп жана эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан.

Кылмыштуу максаттарын жашыруу үчүн КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн.

Азыркы убакта “Х.М.” Жалал-Абад шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Поделиться новостью: