КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 3:57 | 29 жалган куран

«Тышкы миграция жөнүндө» мыйзам башмыйзамга шайкеш келтирилет

Дата: 12:36, 13-11-2019.

Бишкек. 13-ноябрь. КирТАГ – Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады.

Мыйзам долбоору 2018-жылдын 30-майындагы Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Конституциялык палатанын белгиленген чечими менен «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесинин 8-пункту КР Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 25-беренесинин 2-бөлүгүнө каршы келет деп табылган.

Тагыраак айтканда, «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесинин 8-пункту эгерде арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса - иш боюнча териштирүү аяктамайынча Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгууга убактылуу баш тартылат деп белгилейт. Мындай чектөөнү киргизүү негиздүү эмес жана жарандын субъективдүү укуктарын чектөөнүн себеби боло албайт. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечиминде КР Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык, деп көрсөтүлгөн.

Конституциялык палатанын мындай чечимин ишке ашыруу максатында мыйзам долбоору менен «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-статьясынын  1- бөлүгүнүн 8-пунктун күчүн жоготту деп таанылууда.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Поделиться новостью: