КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:49 | 24 чын куран

Транспорт министринин орун басары Жусубалиев УКМКнын абагына киргизилди

Дата: 17:13, 10-12-2018.

Бишкек. 10 - декабрь. КирТАГ – Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жусубалиев 21-январга чейин абакта кармалат.

Эске салсак,  Транспорт министринин орун басары чет элдик компаниядан 520 миң доллар талап кылган. Чиновник пара алып жаткан жеринен кармалды.

Маалыматка караганда, 5-декабрда  Транспорт жана жолдор министринин орун басары Ж.А. 50 000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Чиновник чет элдик фирмага өзүн «ЦАРЭС 1 жана 3 коридорунун, Эпкин-Дыйкан (Башкууганды, (89,5 км –159,2 км)» жолунун курулушу боюнча тендердеги  комиссиянын төрагасы катары тааныштырып, тендерден утуп чыгууга  жардам беретургандыгын айтып акча талап кылган.

Аткаминер чет элдик компанияны тендерде алдыга жылдыруу үчүн 520 миң доллар сурап, ал акчанын 120 миң долларын ортомчулар аркылуу алып койгон. Калган акча болсо кийинки жумада колуна тиймей болгон.



Поделиться новостью: