Тоголок Молдо жана Боталиева ремонт үчүн жабылат
Дата: 13:33, 07-09-2018.
Бишкек. 7 - сентябрь. КирТАГ – Бүгүн, 7-сентябрь кечинде Тоголок Молдо жана Боталиева көчөлөрү ремонт үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган аймакта, жолдорго асфальт төшөлүп, бетондор жаңыланат. Ремонт иштери 9-сентябрга чейин уланат.
Бул жол менен жүргөндөр убактылуу Жибек Жолу проспекти менен каттап турат.