КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:19 | 18 чын куран

ТИМ башчысы В. Путиндин Кыргызстанга визитине даярдыктардын жүрүшү боюнча маалымат берди

Дата: 14:53, 25-03-2019.

Бишкек. 25 март. КирТАГ –  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик визитине даярдык көрүү маселелери жана ошондой эле тышкы саясаттагы бардык актуалдуу маселелер боюнча пландар жана милдеттер талкууланды.

Министр Чыңгыз Айдарбеков Президент Владимир Путиндин мамлекеттик визитине даярдыктын жүрүшү жана бул визиттин алкагында өтө турган иш-чаралар тууралуу маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, бардык милдеттерди кылдат жана өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Поделиться новостью: