КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:33 | 25 чын куран

Түштүк Кореянын өкүлү Интерполдун президенти болуп шайланды

Дата: 13:33, 21-11-2018.

Бишкек. 21 - ноябрь. КирТАГ – Түштүк Кореянын өкүлү Ким Чон Ян Интерполдун жаңы президенти болуп шайланды. Бул тууралуу КазТАГ уюмдун Twitter баракчасына шилтеме берүү менен билдирди.

«Генералдык ассамблеянын 87-сессиясындагы добуш берүү Дубайда өттү. Түштүк Кореянын өкүлү Ким Чон Ян Интерполдун жаңы президенти болуп шайланды», - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бул кызматка Россиянын генерал-майору Интерполдун Европа боюнча вице-президенти Александр Прокопчук да сунушталган.

Эске салсак, Кытайдын Борбордук Коммунисттик партиясы Интерполдун экс-президенти Мэн Хунвэй, ошондой эле Кытайдын коомдук коопсуздук боюнча министринин орун басары өлкөнүн мыйзамдарын бузгандыгын билдирген. Алардын аракеттерин текшерүүнү суранган. Жыйынтыгында Мэн Хунвэй арызын жазып, кызматын тапшырган.

Эл аралык полициянын конгреси 1923-жылы 7-сентябрда түзүлүп, 20 өлкөдө 138 өкүлчүлүгү иштейт. Учурда уюмга 186 мамлекет мүчө болуп саналат.

Интерпол коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында укук коргоо органдары менен эл аралык кызматташууну камсыздоо, терроризм, дары-дармек сатуу, экономикалык кылмыштар, адам сатуу жана башка уюшкан кылмыштуулукка  каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн.

Поделиться новостью: