КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 22:44 | 25 чын куран

Төрага Дастанбек Жумабеков ТүркПА Кеӊешинин 8-отурумуна катышты

Дата: 16:39, 20-11-2018.

Бишкек. 20 - ноябрь. КирТАГ – Жогорку КеӊештинТөрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Измир шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблея Кеӊешинин 8-отурумуна катышты. Бул тууралуу  парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Быйылкы отурумдун Түркияда өтүп жатышы тереӊ мааниге ээ экенин айткан Төрага Дастанбек Жумабеков, 10 жыл мурун дал ушул күндөрү Стамбул шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы түзүлгөнүн эске салды.

Муну менен катар ТүркПАга мүчө мамлекеттер менен алакаларды арттыруу маселеси Кыргызстандын тышкы саясатындагы приоритеттүү багыттардын бири экенин белгилеген Дастанбек Жумабеков: "Кыргыз Республикасы Ассамблеяны негиздөөчүлөрдүн башында турган жана анын өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуп келет", - деди.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 7-декабрынан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши ТүркПАга төрагалык кылуу милдетин аркалап келген. Ага ылайык Төрага Дастанбек Жумабеков бүгүнкү отурумда ассамблеянын акыркы жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу кеӊири кеп кылды.

"Кыргыз парламентинин төрагалыгы алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы экономика, маданият, айыл-чарба жана коопсуздук сыяктуу бир катар тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Мындан тышкары, уюмдун иши төрт негизги багыттар боюнча жүргүзүлдү. Анын биринчиси - бул, Ассамблеянын функционалдык ишмердүүлүгүн жогорулатуу, экинчиси - түрк кызматташтыгынын башка институттары менен өз ара алаканы бекемдөө, үчүнчүсү - түрк тилдүү элдердин маданий мурастарын даӊазалоо жана жайылтуу, ал эми төртүнчүсү - кызматташуунун эл аралык платформаларында ТүркПАнын аброюн көтөрүү",- деди төрага Дастанбек Жумабеков.

Поделиться новостью: