КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:21 | 28 жалган куран

Төрага Жумабеков Сауд Аравиясынын Аш-Шура мажлисинин төрагасы менен жолукту

Дата: 15:31, 22-07-2019.

Бишкек. 22 - июль. КирТАГ –   Бүгүн, 22-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Сауд Аравия Королдугунун Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Делегацияны жылуу кабыл алган Төрага Дастанбек Жумабеков акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы бардык деңгээлдеги саясий байланыштар артып жатканын белгилеп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтык жигердүү улантыла баштаганына токтолду.

Ошондой эле Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш Шейх баштаган делегациянын Кыргызстандагы иш сапары мындан аркы кызматташтыкка жаңы дем берип, мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө болорун кошумчалады.

Андан тышкары Төрага ушул жылдын 31-майында Мекке шаарында өткөн Ислам Кызматташтык уюмунун Саммитине Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Сауд Аравиясындагы иш сапары алакалардын жаңы барагын ачууга негиз болуп бергенин билдирди.

"Кыргыз-сауд саясий мамилеси жана экономикалык байланышы ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында жаңы өңүттө өнүгө баштады. Сауд Аравиясынын Кыргызстан менен болгон кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп жатканы биз үчүн да маанилүү",-деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Муну менен катар парламенттер аралык алакаларды да колдой тургандыгын айткан Жогорку Кеңештин Төрагасы, байланыштар үчүн депутаттык достук топторунун кызматташтыгы өзгөчө керектигин белгиледи.

Ал эми түз транспорттук каттамдардын жоктугунан соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөр толук пайдаланылбай жаткандыгына да токтолгон Дастанбек Жумабеков бул маселени чечүүгө көңүл буруу керектигин кошумчалады. Ошондой эле туризм тармагы боюнча да кызматташуу зарылчылыгына токтолду.

Мындан сырткары Төрага 2019-жылдын сентябрь айында Бишкекте кызматташтык боюнча кыргыз-сауд биргелешкен комитетинин II отурумун өткөрүү мерчемделип жатканын эске салып, анын алкагында соода-экономикалык, инвестициялык байланыштарды бекемдөө өңдүү маселелер караларын айтты.

Өз кезегинде Сауд Аравия Королдугунун Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш Шейх жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, бул иш сапар өзгөчө кызыктуу болгонун жана мындай жолугушуулар мамлекеттер аралык кызматташтык үчүн өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.

"Биз Кыргызстан менен болгон кызматташтыкка өзгөчө маани беребиз. Өлкө жетекчилерибиздин ортосунда да достук мамиле калыптанды. Мен өзүм кыргыз элин жакын досум деп билем. Сауд Аравия Королдугунун элчилиги бардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошуп келет. Ал эми парламенттер аралык кызматташтыгыбыз да жигердүү улантылууда",-деди Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш Шейх.

Муну менен катар Сауд Аравия Королдугунун Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы кайрымдуулук акцияларын өткөрүүгө, жүрөк-кан тамыр илдетине чалдыккандарга жардам берүүгө жана Сауд Аравиясында окуган кыргызстандык студенттерди колдоого өзгөчө маани берилерин кошумчалады.

Поделиться новостью: