КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 20:06 | 29 жалган куран

Сууга түшүүдө балдарды кароосуз калтырбаңыздар! ӨКМ эскертүү таратты

Дата: 14:04, 15-07-2019.

Бишкек. 15 - июль. КирТАГ –  Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынат. ӨКМдин кызматкерлери тарабынан республиканын бардык аймагында   калк арасында суудагы коопсуздук эрежелерин, балдарын кароосуз калтырбоо тууралуу түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлуп жатат.

“Ата-энелер – жаш балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар. Балдарды  кароосуз калтырбаңыздар”, - деп айтылт маалыматта.  

              Урматтуу жарандар, эсиниздерде болсун:
     - сууга уруксаат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
     - тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
     - сууга мас абалында түшпөнүз;
     -  суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаныздар;
     - кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
     - күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
     - үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;
       көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.
Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот, деп жазылат маалыматта.

Поделиться новостью: