КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 2:15 | 17 чын куран

Стамбул аэропортунан кыргызстандык контрабандачылар кармалды

Дата: 09:20, 02-12-2019.

Бишкек. 2 - декабрь. КирТАГ – Стамбулдун аэропортунан контрбанда менен айыпталып, издөөдө жүргөн кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу Түркиянын соода жана өндүрүш министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда,  29-ноябрда Стамбул аэропортунан Алматы рейси менен учуп келген 6 кыргызстандык кармалган. Алардын багажынан 7 миң 390 куту электрондук тамеки табылган.

«Бажы кызматы товарларды “контрабанда” деп таап, алардын наркын 27 миң долларга баалады. Кармалган кыргызстандыктарга «Контрабанда» беренеси боюнча айып тагылып, тергөө башталды» - деп айтылат маалыматта.

Түркиянын мыйзамдары боюнча, кыргызстандыктарды 5 жыл түрмө жана ири айып пул күтүүдө. Буга чейин Түркия электрондук тамекилерди өлкөгө киргизүүгө тыюу салган.


Поделиться новостью: