КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 4:40 | 25 чын куран

Социалдык тармактарда аймактар аралык касташууну козуткандар кармалды

Дата: 10:01, 27-11-2019.

Бишкек. 27-ноябрь. КирТАГ – 2019-жылдын 24-ноябрында УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу “А.Ж.” кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Такталгандай “А.Ж.” жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаратылып, бири бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан.

2019-жылдын 25-ноябрында “А.Ж.” КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (аймактар аралык касашууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген.

Тергөө жүрүп жатат.

Поделиться новостью: