КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:32 | 25 чын куран

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жуманын аягында 2 жолу жолугушаары айтылууда

Дата: 11:09, 24-07-2019.

Бишкек. 24 - июль. КирТАГ –   Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ушул жуманын аягында 2 жолу жолугушат. Жолугушуулар Исфара жана Ворухта өтө турганын «Азия-Плюс» басылмасына Исфаранын мэринин администрациясындагы булактар билдирген.

Исфарадагы жолугушууда президенттер, эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрүнүн жетекчилери кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган тилкелерди демаркация жана делимитациялоо иштерин тездетүү маселесин карашат.

Булактардын маалыматы боюнча, президенттердин Ворухтагы жолугушуусуна Кыргызстан менен Тажикстандын чек арадагы райондорундагы жарандык активисттер да чакырылышы мүмкүн. Исфарага жолугушууну уюштуруу үчүн Согдий облусунун жетекчилери жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим барды.

Буга чейин Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын вице-премьер-министри Азим Иброхим кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн болчу.

Поделиться новостью: