Сомдун девальвациясы: чиновниктер калкты тынсызданбаганга чакырса, эл, өкмөттү базарга барууга үндөйт

Дата: 17:05, 04-03-2014.

КирТАГ катардагы Бишкектиктердин, мамлекеттик чиновниктер жана серепчилердин бул тууралуу пикирин укту.

Насирдин Шамшиев, экономика министрлигинин алдындагы макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы:

-Биз доллардын кескин кымбаттап кетишине негиздүү себептер деле жок болчу деп эсептейбиз. Бул алып сатуучулук эле болуп калды. Бирок, бул кырдаал эми Улуттук банктын жөнгө салуусуна гана көз каранды. Алар абалды курчутпоо аракеттерин көрүшү керек.

Биз базарлардагы азык түлүккө болгон бааларды карап жатабыз. Эгерде, баалар кескин жогорулап кетсе, инфляцияга жол бербөө аракеттерин көрөбүз.

Айылчы Сарыбаев,  экономика илимдеринин доктору, профессор:

-   Кыргызстандын калкы, бизде дагы Казахстандагы абал кайталанат, деп эле ызы чууга түшүп жатышат. Бул, элдин массалык түрдө каражаттарын долларга алмаштыруусуна алып келди. Кырдаал жасалма түзүлдү десек болот. Эгерде, калк Казахстанда болгон абалга кайдыгер карап койсо, бизде доллар мынчалык өспөйт болчу. Доллардын курсунун жогорулап кетишинин эч кандай экономикалык себеби жок. Бирок, түзүлүп калган кылдаал калктын социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизет. Биринчи кезекте, бул импорт менен алектенгендерге тиешелүү. Сөзсүз инфляция болот. Базарларда баанын өсүшү байкала баштады. Албетте, мындан импорт жеңет. Тилекке каршы бизде экспорттун үлүшү кичинекей жана пайда да көп болбойт. Бул атуулдардын абалына өтө терс таасирин тийгизиши айкын. Андыктан, КРнын Улуттук Банкынын активдүү позициясы керек. Бирок, эмнегедир банктан кабар жок. Ылдамыраак көбүрөөк жана батыраак интервенция өткөзүү зарыл.  

Жаркын Таалайбекова студент:

- Доллардын өсүшү менен окууга болгон контракт да өсүүдө. Мен иштейм, майда чүйдө чыгымдарды жана контрагымды өзүм төлөйм. Баардык нерсе кымбаттагыны кымбаттап, айлык акылар болсо ошол эле бойдон. Кечээ, Ош базарда сүт азыктары кымбаттай түштү. Кечээ 50 сом турган байпактар дагы азыр 60 сом болуп калды.

Сергей Семенов, бааргер:

-  Муну күтсө болот эле. Эмнегедир биздин өкмөт, элди баары жайында деп ишендирүүгө ашыккан жок. Кыргызстан Орусия менен Казахстанга өтө эле көз каранды. Рубль менен теңге куласа, сомдон эмнени күтсө болот эле? Албетте, сом дагы ылдый көздөй шыпырыла баштамак. Элде тынсыздануу кечээ башталган жок. Ал теңге девальвация болгондо эле орун алган. Доллар ошондо эле, кымбаттай түшпөдү беле. Ошондон баштап өсүп эле келатат, өсүп эле жатат. Албетте, Украина дагы таасирин тийгизүүдө. Улуттук валютанын курсу - бул саясаттын түздөн-түз чагылдырылышы да. Албетте, эртеңки күнгө сарсанаабыз. Өкмөт тиешелүү чараларды көрүп, жок дегенде пенсияларды индексациялашы керек.

Эльвира Мамытова, кызматчы:

- Девальвация болду. Өкмөт аны мойнуна алгысы келбей жатат. Мен, премьер баш болгон министрлерди  эртең дүкөн менен базарларды кыдырууга чакырат элем. Биринчи зарылчылыктагы товарларга жана азык түлүккө болгон баалар, балким, болгонун болгондой кабыл алууга түртөт жана окуяны өз аты менен аташаар беле деген үмүтүм бар.

Майрам Абыкеева, Жогорку окуу жайынын окутучуусу:

- Доллардын сомго карата курсу өсүүдө. Калкка эч ким эч нерсе түшүндүрбөй эле, тынсызданганга негиз жок, баары жакшы болот дегенди эле угуудабыз. Бирок, курс өскөндөн өсүп жатпайбы? Бул өтө жагымсыз болуп, сарсанаага салып жатпайбы. Эл ызы чууга алдыра баштады. Эгерде доллардын курсу ушундай деңгээлде өсө берсе, эртең эмне болот? Азык түлүк кымбаттады. Мамлекеттин доллар менен кайрый турган сырткы карыздары бар. Биз өзүбүз да, болгон сомдорубузду долларга айры баштадык.

Поделиться новостью: