КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 5:59 | 29 жалган куран

Си Цзиньпин Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Дата: 12:53, 16-11-2018.

Бишкек. 16 - ноябрь. КирТАГ - Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду жана жакшы тилектеримди жеткирүүгө уруксат этиңиз. Ушул жылдын июнь айында Сиз Кытайга биринчи мамлекеттик визитиңизди ийгиликтүү жасап, Циндао шаарында ШКУнун саммитине катыштыңыз. Визиттин жыйынтыгы менен биздин жалпы аракеттерибиздин аркасында жемиштүү жыйынтыктарга жетиштик. Биз көп тараптуу кыргыз-кытай стратегиялык кызматташтыгын орнотуу боюнча бир добуштан чечим кабыл алып, „Бир алкак, бир жолду“ биргелешип куруу жана баардык тармактарда кызматташууну бекемдөө боюнча кеңири пикир алмаштык. Маанилүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматта штыктын жаңы барагы ачылды. Мен кыргыз-кытай мамилесин өнүктүрүүгө көп көңүл бөлөм жана биздин ортобуздагы орногон иштиктүү жагымдуу мамилени баалайм. Биздин өлкөлөргө жана элдерге бакубаттуулук алып келүү максатында кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүк мамилесин үзгүлтүксүз алдыга жылдыруу аркылуу жаңы баскычтарга көтөрүү үчүн Сиз менен биргеликте күч-аракет жумшоого даяр экенимди билдирем», — деп белгиленет Си Цзиньпиндин куттуктоосунда.

Поделиться новостью: