КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:50 | 20 чын куран

Си Цзиньпин мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди

Дата: 08:46, 13-06-2019.

Бишкек. 13 - июнь. КирТАГ  –   Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келди.

Эл аралык «Манас» аэропортунан Си Цзиньпинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Мамлекеттик визиттин алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин эртең, 13-июнда, Президент Сооронбай Жээнбеков менен кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.

КЭР Төрагасынын мамлекеттик визитинин алкагында кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү күтүлүүдө.

Ошондой эле Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын ишине катышат.

Поделиться новостью: