КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:38 | 25 чын куран

ШКУнун баш катчысы Норов элчи Бактыгулова менен жолукту

Дата: 17:42, 01-02-2019.

Бишкек. 1 - февраль. КирТАГ – Пекинде 31-январь күнү ШКУнун баш катчысы Владимир Норов Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова менен жолукту. Бул тууралуу ТИМ маалымдады.

ШКУнун баш катчысы Канайым Бактыгулованы элчи болуп шайланганы менен куттуктап, ийгилик каалады.

Жолугушууда тараптар, ШКУнун катчылыгы менен кыргыз тараптын кызматташуусундагы  практикалык суроолорду жана ШКУнун иш-чараларын уюштуруу сыяктуу маселелерди талкууга алды.

Ошондой эле ар кандай тармакта кызматташуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу тууралуу пикир алышты.


Поделиться новостью: