ШКУ саммитине карата Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат
Бишкек. 12 - июнь. КирТАГ – Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр башчыларынын саммитине байланыштуу Бишкек менен Чүй облусундагы айрым көчөлөргө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.
12-июндан 14-июнга чейин делегация төмөнкү көчөлөр менен бара жатканда кыймылга чектөө киргизилет:
"Манас" аэропортунан Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин;
Жибек Жолу проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин;
Жаш Гвардия проспектисинен Чүй проспектисине чейин;
Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
Манас/Айтматов проспектилери менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин.
ЖКККББ айдоочуларды түшүнүү менен мамиле жасап, жолдо жүрүү маданиятын сактоого чакырат.