КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 20:00 | 19 чын куран

ШКУ башчыларынын тар чөйрөдөгү жыйыны башталды

Дата: 10:00, 14-06-2019.

Бишкек. 14 - июнь. КирТАГ  –   Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчылардын тар чөйрөдөгү жыйыны башталды.

Иш-чара алгач сүрөткө түшүү жана саламдашуу менен башталды, андан соң мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жыйындар залына бет алышты. Саммит андан кийин кеңири курамда өтөт.

ШКУ саммитинин жыйындыгында мамлекет башчылар 20 макулдашууга кол коюшат.

Белгилей кетсек, ШКУ саммитине толук кандуу мүчө катары Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын лидерлери катышууда. Андан тышкары, уюмда байкоочу макамына ээ болгон Афганистан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да катышууда.

Эске салсак, кечээ саммиттин ишине катышуу үчүн Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Беларусиянын, Монголиянын, Афганистандын, Ирандын мамлекет башчылары, Кытайдын төрагасы, Индия менен Пакистандын премьер-министрлери Бишкекке чогулушкан.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги саммитин 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү журналисттер чагылдырууда.

Поделиться новостью: