КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 2:01 | 20 чын куран

ШКУ аймагындагы экономика ачык болушу шарт - Си Цзиньпиң

Дата: 13:33, 14-06-2019.

Бишкек. 14 - июнь. КирТАГ  –  Аймактык экономика азыркыга караганда ачыгыраак, толеранттуу жана интеграцияга ийкемдүү болушу керек. Бул тууралуу бүгүн 14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде сүйлөп жатып Кытайдын лидери Си Цзиньпиң билдирди.

Ал ошондой эле ШКУ ар бир мүчө мамлекет өзүнө пайда көрө алчудай кызматташтыктын үлгүсү болууга умтуларын белгилеп, инвестиция тартууну, соода-сатыкты кеңейтүүнү улантууга чакырды.

Саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда.

Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген.

Поделиться новостью: