КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 1:43 | 20 чын куран

Ширин Айтматова президенттин кабыл алуусун суранды

Дата: 13:43, 14-02-2020.

Бишкек. 14 - февраль. КирТАГ – 26-январда президенттин аппаратынын өкүлү «Үмүт 2020» саясий кыймылынын мүчөлөрү менен жолугушкан. Анда Ширин Айтматова президент менен жолугушуу уюштурууну суранган. Бул тууралуу «Азаттыкка» кыймылдын мүчөсү Нурсултан Акылбек маалымдады. Бирок ал президенттин аппаратынан келген өкүлдүн аты-жөнүн ачык айткан жок. Жолугушуу «Үмүт 2020» саясий кыймылынын кеңсесинде болгон.

«Ууруларга каршы күрөш тандоо жолу менен кетип жатат. Чыныгы күрөштү башташ керек. Сөз эркиндигине, кыймылдын мүчөлөрүнө кысымды токтотуу керек экенин айтканбыз. Баарын жазып алып кетти. Азыркыга чейин жооп боло элек. Айтматова президент менен жолугуп, чыныгы абалды айтып берүүнү каалаганы айткан», - деди ал.

18-январда «Үмүт 2020» кыймылынын өкүлү Ширин Айтматова президентке ачык кайрылуу жиберип, кыймылдын өкүлдөрүнө куугунтук болуп жатканын айтып чыккан.

Ал кыймылдын кандайдыр саясий дымагы жок экенин, өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелөөнү гана көздөп жатканын билдирип, президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун өтүнгөн болчу.

«Үмүт 2020» кыймылы буга чейин бир катар коррупциялык көрүнүштөр тууралуу өз иликтөөлөрүн жарыялаган. Анын ичинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкү жана кирешеси тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүп, «#REакция» митингине активдүү катышкан.

Ошондон бери кыймылдын өкүлдөрү куугунтук менен опузага туш болуп жатканын айтып жүрүшөт.

Поделиться новостью: