КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:02 | 20 чын куран

Шамил Атаханов сурак учурунда «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилди

Дата: 16:26, 18-07-2019.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ –  Мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановду сурак учурунда «Тез жардам» кызматы алып кетти. Маалыматты ИИМден ырасташты.

Маалым болгондой, бүгүн, 18-июлда ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү Атахановдон сурак алып жатышкан. Сурак учурунда экс-чиновник өзүн жаман сезип, тергөөчү «Тез жардам» кызматын чакырды.

Шамиль Атаханов буга чейин Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынган эле. Кийин тергөө менен кызматташууга барганына байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.

Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» дарты коюлуп, медиктердин «эки аптадан кийин өлөт» деген бүтүмүнүн негизинде түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Көп өтпөй Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, Азиз Батукаев мыйзамсыз абактан чыгарылган бүтүмүн жарыялашат. Комиссия ага коюлган дарт такталбаганын ырасташат. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, ордунан жылган эмес.

Жыл башында иш кайра жанданып, тергөөнүн жүрүшүндө онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурунку башкы прокурор Аида Салянова кармалды.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы 16 жылга соттолгон.

Поделиться новостью: