КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:01 | 20 чын куран

«Санариптик Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруу боюнча Республикалык штабдын жыйыны өттү

Дата: 15:48, 19-07-2019.

Бишкек. 19 - июль. КирТАГ  –  Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында «Санариптик Кыргызстан» санариптик трансформациялоо концепциясынын ишке ашыруу, «жол картасынын» аткарылышын координациялоо боюнча Республикалык штабдын жыйыны өттү.

Жыйынга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү катышып, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу, социалдык мекемелерди, аймактардагы мамлекеттик органдарды Интернетке кошуу, санариптик трансформациялоо жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун айтымында, санариптик трансформациялоо иштерин алдыга жылдыруу жана координациялоо максатында Республикалык штаб түзүлдү.

«Мисалы, аталган «жол картада» «Санарип аймак», «Акылдуу мектеп», «IT-поликлиника», «Юридикалык жактарды электрондук каттоо», Электрондук билим берүүнү жана ошондой эле санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча бир топ иш-чараларды ишке ашыруу боюнча долбоорлор бекитилген. Алыскы райондордо, элет жеринде жашаган үй бүлөлөр дагы мамлекет тарабынан берилип жаткан кызматтардын жеңилдигин сезиши керек. Аймактарды Интернет тармагына кошуу негизги маселелердин бири. Негизги биздин талап – шаардык жана райондук денгээлде бардык жарандарга кызмат кылуучу мамлекеттик мекемелер Интернет тармагына кошулушу керек. Ар бир айыл өкмөтү, мектеп, почта бөлүмдөрү, медициналык мекемелер Интернет тармагына кошулбаса, анда ал жердеги жарандарга берилип жаткан кызматтарды санариптештирүүнүн пайдасын эч ким көрбөйт», – деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр Санарип трансформациялоо процессинде Интернет Кыргызстандын баардык аймагында болушу керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, «Кыргызтелеком» бул тармакта өз убагында маселени чечүүсү зарыл, бирок мамлекеттик органдар дагы өз тарабынан Интернет тармагына кошулуу аракетин көрүүсү зарыл.

Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев тийиштүү министрликтердин, ведомстволордун, шаардык жана райондук мекемелердин жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү айтылган тапшырмалардын аткарылышына жеке жоопкерчилик аларын белгиледи.

Ошондой эле, жыйын учурунда санариптешүү боюнча шаардык жана райондук штабдар түзүлөрү кабарланды. Алардын жетекчилери болуп райондордун акимдери жана шаар мэрлери аныкталмакчы.

Жыйындын аягында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди:

– Мамлекеттик органдарда «INFODOCS» электрондук документ алмашуу маалыматтык системасын киргизүүнү жана колдонууну тездетүү;

– «E-kyzmat» маалыматтык туюмун киргизүү иштерин ылдамдатуу;

– «Электрондук нотариат», «Издөө», «Юридикалык жактарды электрондук каттоо», «Электрондук патент» маалыматтык системаларын ишке киргизүүнү тездетүү;

– 453 айыл өкмөтүндө маалымат базасы (чарба китептери) түзүлгөн жана тийиштүү мамлекеттик органдар менен электрондук маалымат алмашуу «Санарип аймак» долбоору аркылуу камсыздалышы керек;

– «Акылдуу мектеп», «Мектеп медицина – IT-поликлиника» долбоорлорун ишке ашырууну тездетүү.

Андан тышкары, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча инфраструктуралык даярдыктарды көрүү тапшырмасы берилип, аймактарда элдин арасында бул долбоор боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү талабы коюлду.

Маалымдама: Азыркы учурда «Кыргызтелеком» 556 билим берүү мекемесин, 288 айыл өкмөтүн, 580 медициналык мекемелерин жана почта бөлүмдөрүн Интернетке кошту.

2019-жылдын аягына чейин «Кыргызтелеком» дагы 104 аймактардагы мектепти, 102 айыл өкмөтүн, 600 медициналык мекемени жана 700 почта бөлүмүн Интернетке кошууну пландоодо.

Поделиться новостью: