КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:32 | 25 чын куран

Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз-тажик чегарасында жаракат алгандар тууралуу маалымдайт

Дата: 15:42, 17-09-2019.

Бишкек. 17 - сентябрь. КирТАГ – Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жарадар болгон Баткендеги Максат айылынын алты тургуну, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрт кызматкериБишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, дагы үч чек ара кызматкеринин абалы оор болгондуктан Лейлектин аймактык ооруканасында калтырылды.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кыргызстандык бир аскер кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алды. Мекеме чатакта тажик тарап биринчи болуп ок атып, ага кошумча миномёттон аткылаганын кабарлады.

Тажикстандын чек ара күчтөрү болсо «окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болду, окуядан 12 тажик жараны жаракат алды» деп билдирди.

Поделиться новостью: