Рита Карасартова кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды
Бишкек. 3 - декабрь. КирТАГ – Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп Рита Карасартова дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулду.
Чолпонкулов бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген.
Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган директорду кесиптик-техникалык агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды.
Министр түзүмдө буга чейин аткарылган жумуштар үчүн Таалайбек Чолпонкуловго ыраазычылык билдирип, жаңы дайындалган жетекчиге бул тармакта башталган реформаларды улантуу ишине ийгилик каалады.