КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 2:20 | 25 чын куран

Жээнбеков Тажикстан Президенти Эмомали Рахмонду жана тажик элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Дата: 11:08, 09-09-2019.

Бишкек. 9 - сентябрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду жана тажик элин Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди жана жалпы тажик элин Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! Бүгүнкү күндө Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Тажикстандын социалдык жана экономикалык жааттагы жетишкен олуттуу ийгиликтери өзгөчө кубандырат. Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин кызыкчылыгы үчүн эки мамлекеттин ортосундагы чыныгы достук жана ынак коңшулук мамилелери мындан ары да Сиздин жеке колдооңуз менен бекемделе берет деп терең ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграм масында.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонго чың ден соолук, бакутбатчылык жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош тажик элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.

Юстиция министрлиги жакынкы мезгилде пробация институтунун калыптанышы боюнча жол картасын иштеп чыгат.

Поделиться новостью: