КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 6:33 | 29 жалган куран

Раиса Атамбаева үй-бүлөсү куугунтукталып жатканын билдирди

Дата: 11:30, 16-08-2019.

Бишкек. 16 - август. КирТАГ – Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева соңку окуяларга байланыштуу пикирин билдирүүгө аргасыз болуп жатканын айтты.

Ал үй-бүлөсү куугунтукка кабылып жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратынын алдында, Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып жаткан учурда билдирди. Сот бүгүн көчмө жыйынын УКМКда өткөрүп, ага жакындары кире албай калган.

“Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына, менин үй-бүлөмө, балдарыбызга, жакын туугандарыбызга карата куугунтук жүрүп жатат. Атамбаевдин улуу баласы Сейитбек Атамбаев катуу сабалды. Азыр аны күн сайын суракка чакырып жатышат. Анын буту гипстелген, балдакчан жүрөт. Атамбаевдин жакын тууганы, жээнине эки кылмыш иши ачылды. Биздин кудабыздын үйү тинтүүгө алынды. Он милиция кызматкери документтерин көрсөтпөй, негиз жок кирип барып, үйдү астын-үстүн кылды”, - деди Раиса Атамбаева.

Мурдагы биринчи айым “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциядагы үйүнө мөөр басылып, кире албай, буюм-тайымдарын, кийимдерин ала албай жатышканын кошумчалады.

“Мен азыр ал жакка кире албай, бизге тийиштүү болгон буюмдарымды ала албай жатам. “Ала-Арчадагы” үй толугу менен биздин, өзүбүздүн акчага курулган. Ошого карбай ушундай аракеттерди кылып жатышат. Ошондой эле биздин 2002-жылдан бери, Акаев учурунан бери колдонуп келаткан банктык эсебибиз камакка алынды”.

Атамбаева учурда жашап жаткан Кой-Таштагы үйүнө дагы мөөр басылышы ыктымалдыгын, андан башка баш калкалай турган жайы жок экенин кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган. Учурда Бишкек шаардык соту УКМКда анын бөгөт чарасын карап жатат.

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаев бир топ оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелип жатканын 14-августта билдирген.

Поделиться новостью: