КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:44 | 23 чын куран

Үрүмчүдөн кайткан алты кыргызстандык студент изолятордо кармалууда

Дата: 13:34, 28-01-2020.

Бишкек. 28 - январь. КирТАГ –Кытайда окуп жаткан алты кыргызстандык студент мекенине кайтып келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 28-январда эртең менен Кытайдын Үрүмчү шаарынан алты кыргызстандык келди, алар Шиңжаң университетинин студенттери.

“Учурда бардык студенттер атайын чатырларда (изоляторлордо), аларга дайыма медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат, ден соолугу канааттандырарлык, эч кандай оорунун белгилери жок. Лабораториялык диагностикалык изилдөө жүрүп жатат” деп билдирди өкмөт.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, бул студенттер Кыргызстанга 27-декабрда каникулга келип, 21-январда кайра Үрүмчүгө кайтышкан.

Алар Бишкекке Казакстан аркылуу келди.

Алгач Кытайда катталган коронавирустан, соңку маалыматка караганда, 106 адам көз жумду, ооруп калгандардын саны 4,5 миңден ашты

Поделиться новостью: