КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:22 | 19 чын куран

Президент Жээнбеков траспорт министрине өз эрки менен эле кызматтан кетип калуусун сунуштады

Дата: 11:36, 14-12-2018.

Бишкек. 14 - декабрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго өз эрки менен эле кызматтан кетип калуусун сунуштады.

Жакында транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев кармалды. Ал кызматка 2017-жылы февралда дайындалган болчу. Ал бизди дүйнөгө уят кылды. 500 миң доллар! Бул оңой акча эмес. Кандай эрки жол берди. Бул жерде министр Калилов уялбай эле коопсуздук кеңешинин жыйынында олтурат. Мен сиздин ордуңузда болгонумда кызматтан өзүм эле кетип калмакмын. Мен корурупция менен күрөшөм деп элге сөз бергем. Мен аны аткарышым керек», - деди президент Сооронбай Жээнбеков.


Эске салсак, Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалгандыгы белгилүү болду. УКМК маалыматына караганда, чиновник чет элдик ишкананын тендерди утуп алуусу үчүн Азимкан Жусубалиев жалпысынан 520 миң доллар талап кылган.

Поделиться новостью: