Президент Жээнбеков саламаттыкты сактоо министри Абдикаримовду кабыл алды

Дата: 15:30, 09-04-2020.

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө чаралары талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү бул татаал мезгилде медицина кызматкерлеринин өзгөчө ордун белгиледи. Медиктерге жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө алдыңкы сапта жүргөндөрдүн баарына патриоттуулугу жана талыкпаган эмгеги үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Президент коронавирус инфекциясын аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча иштерге тартылган бардык медиктерди жеке коргоочу каражаттар менен толук камсыздоо зарылдыгын айтып, саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлери мындан ары дагы мамлекеттин өзгөчө камкордугунда болоорун баса белгиледи.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков жалпы республика боюнча, өзгөчө инфекция жугузуп алгандар аныкталган райондордо санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүүгө көңүл бурду.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Ал медициналык мекемелердин зарыл болгон дары-дармектер, жеке коргоочу каражаттар жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар менен жабдылышы тууралуу айтып берди.

Мындан сырткары, коронавирус инфекциясын жуктуруп алган бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн бир катар ооруканалардын кайра профилдештирүүгө даярдыгы жөнүндө маалымдады.

Ошондой эле Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен тартып өзүндө илдет бар деп шектенген жарандарды аралыктан ыкчам диагностикалоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин «118» «тынымсыз телефон линиясы» иштеп баштагандыгын билдирди.

Мындан ары бул долбоорду өлкөнүн калган региондорунда ишке ашыруу пландаштырылып жатат.

Сабиржан Абдикаримов бүгүнкү күндө республикада жарандардан коронавирус инфекциясын аныктоого лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн тест-системалар жетиштүү көлөмдө экенин билдирди.

Поделиться новостью: