КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:59 | 20 чын куран

Президент Жээнбеков финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды

Дата: 16:47, 21-06-2019.

Бишкек. 21 - июнь. КирТАГ  –  Бүгүн, 21-июнда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда, салык кирешелери, республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн аткаруу, өлкөнүн бюджеттик ресурстарынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана сот-укуктук реформаны финансылык жактан камсыздоо маселелери каралган.

Министр Бактыгүл Жээнбаева мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатында учурдагы абал тууралуу маалымат берген.

Ал белгилегендей, корголгон беренелер боюнча артта калуулар жок. Сот-укуктук реформаны ишке ашыруу жана өлкөнү санариптештирүү боюнча долбоорлор өз убагында каржыланууда. Республиканын ар бир райондук борборунда 3 чакырым жолду куруп, оңдоп-түзөөгө каражаттар бөлүнгөн.

Мындан тышкары министр 2019-жыл ичинде орто мектептердин мугалимдерине айлык акысын жогорулатуу пландалып жатканын айткан.

Ошол эле убакта ал белгилегендей, республикалык бюджетке салыктык жана бажылык жыйымдар боюнча артта калуу байкалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик финансыларды натыйжалуу, жоопкерчиликтүү жана ачык-айкын башкаруу өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүн камсыздоо үчүн негиздердин бири болушу керектигин белгилеген.

Мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компанияга калкка ипотекалык насыяларды берүүнү жандантуу үчүн акча каражаттарын тез арада бөлүп берүү зарылдыгына көңүл бурган.

Ал ошондой эле бюджетке жыйымдарды тапшыруу боюнча планды аткарбаган мамлекеттик органдарга карата биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча тиешелүү чара көрүү керектигин белгилеген.

Поделиться новостью: