КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:55 | 28 жалган куран

Президент Жээнбеков депутаттарды шайлоо алдында популист болбоого чакырды

Дата: 12:55, 20-02-2020.

Бишкек. 19-октябрь. КирТАГ – Президент Сооронбай Жээнбеков депутаттарды шайлоо алдында популист болбоого чакырды. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Быйыл парламенттик шайлоо жылы. Алдыдагы саясий процесске карата көптөгөн саясий өнөкөттөр козголот. Партиялардын саясат менен алпурушуусу күчөйт. Бул иш парламенттеги фракциялардын да саясатка алагды болуусун шарттайт. Мындай учурда элди алаксыткан популисттик кадамдар көбөйөт”-деди президент.

Президент парламенттик шайлоо учурунда мыйзам чыгаруу иши солгундайтургандыгын айтып, калкка керектүү мыйзамдарды кечиктирбөөгө чакырды.

“Азыр парламенттин кароосунда өлкөнүн экономикасы үчүн, мамлекеттин, элдин турмушуна зарыл болгон кечиктирилгис мыйзам долбоорлору бар. Бул мыйзамдарды кечиктирбей кабыл алуу керектигин эсиңерге салам. Анткени, кийинки парламент келип, ишин баштаганча, өлкөдөгү реформаларга зарыл мыйзамдар күчүнө кириши керек. Мен мыйзам базасына болгон анализ менен тааныштым”-деди президент Жээнбеков.

Өлкө башчы биринчи кезекте, балдарды колдоо саясаты көңүл борборунда болотурганын кошумчалады.

“Балдарга жөлөкпулду чектөөнүн жаңы тартибин аныктаган, аярлуу үй-бүлөлөрдү колдогон, коррупциялык тобокелдиктерди азайткан, санарип технологиялары терең колдонулган нормаларды камтыган мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңешке киргизилет. Балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо, мындай иштердин алдын алуу, кароосуз калган балдардын ар бирине камкордук көрүү боюнча жергиликтүү жана мамлекеттик органдардын милдеттерин күчөткөн мыйзамдарды кабыл алуу абзел” – деди президент.

Ошондой эле өлкө башчы шайлоону  адилет өткөрүү, бардык партияларга бирдей шарт түзүү, партияларда ички демократияны калыптандыруу жөнүндөгү маселелер кызуу талкууланып, коомчулукта ар кандай көз караштар айтылып жатканын белгиледи.

“Шайлоо эрежелеринин алдын ала белгилүү жана туруктуу болуусуна жетишүү максатын койгонбуз.Эрежелер шайлоого бир жыл калганда бекемделип, кийин өзгөртүүлөр киргизилбеши керек деген пикиримди билдиргем. Айткан сөзүбүзгө биз турдук. Бул маанилүү саясий процесске укук жагынан жакшы даярдык менен келдик. Шайлоо мыйзамдарына эмне толуктоо, өзгөртүүлөр талап кылынса, баардыгы киргизилип, бекемделди” –деди президент Жээнбеков.

Поделиться новостью: