КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:58 | 29 жалган куран

Президент Жээнбеков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Дата: 17:52, 08-08-2018.

Бишкек. 19 - июль. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Чолпон-Ата шаарында Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) Саммитине даярдыктын жүрүшү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев, Президенттин Аппаратынын бөлүм башчылары, Президенттин жана Өкмөттүн Иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коеналиев, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев катышты.

КР биринчи вице-премьер-министри — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана ТМККга даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Кубатбек Боронов, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери Чолпон-Ата шаарында объектилердин, тактап айтканда ипподромдун, «Газпром» спорт комплексинин, «Кырчын» жайлоосунун жана Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук жана маданий иш-чаралар өтө турган Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Dordoi Nomad» амфитеатрынын даярдыгы тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле Бишкек шаарында «Алтай цивилизациясы» форуму өткөрүлөт.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун делегациялардын учактарын кабыл алууга даярдыгы тууралуу айтып берди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өкүлдөрү чакырылган өлкөлөр боюнча маалымат берди.
Жаштар, дене тарбиясы жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов Көчмөндөр оюндарына карата спортчулардын даярдыгы боюнча отчет берди.

Режиссер-коюучу Алтынбек Максутов Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы жана жабылышынын сценарийинин долбоорун сунуштады.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ТМККга даярдыктын жүрүшү, Саммиттин күн тартиби тууралуу маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул иш-чараларга дыкаттык менен даярдык көрүүнүн маанисин баса белгиледи, анткени аларды жогорку деңгээлде өткөрүү — өлкөнүн намысы. Бардык даярдык иштерин мурда белгиленген мөөнөттө аяктоо боюнча милдеттер коюлду.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ТМКК 2018-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

Поделиться новостью: