КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 5:46 | 20 чын куран

Президент Жээнбеков бийликтеги системаны өзгөртүүгө ишендирди

Дата: 10:32, 31-08-2018.

Бишкек. 31 - август. КирТАГ - Альбина Метерова. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бийликтеги системаны өзгөртүүгө ишендирди.

«Коомубуздун укуктук негизде жашоосу, ар бир адамдын жарандык укугун бийик коюу, адамдык баалуулактарды бекем сыйлоо — биздин өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи. Өлкөнү узак мөөнөткө өнүктүрүү концепциясында адамдык капитал — өнүгүүнүн негизги ресурсу катары алдыга чыкты. Бул ресурс  ишке кириш үчүн адам эркиндиги, ишкерликтин эркиндиги, чыгармачылыктын эркиндиги зарыл. Бардык тармакта эркин атаандаштык орнотулат. Эркиндиктин өзү — мамлекетти өнүгүүгө алып келчү ресурс катары бааланат. Эркин адамдардын экономикалык жана саясий укуктары корголот. Менчикти сактоо, эркин ишкердикти жүргүзүү, инвестицияларды коргоо кепилдиги орун алат. Биздин өлкөдө эркин шайлоо укугун камсыз кылабыз. Мына ошондуктан мамлекеттик башкаруудагы демократиялык принциптерди тереӊдетебиз», - деди президент Эгемендүүлүк майрамында элге болгон кайрылуусунда.

Ал, эл үчүн таза кызмат өтөө, коррупциядан алыс болуу — бийлик органдарынын маӊызын аныктаган  башкы максат экенин белгиледи. Бийликтин бардык бутактары дайыма элдин үнүн угуп, коомдун талабын сезип турушу — Кыргызстанда да  адаттагы  эле көрүнүшкө айлатургандыгына ишендирди.

«Жалпы элдин  талабын ишке ашырып жаткан Президент катары мен бийлик системасындагы ушул өзгөрүүлөрдү камсыз кылам. Бул менин негизги милдетим! », - деди Жээнбеков.
Өлкө башчысы өз кайрылуусунда, мамлекет үчүн ар бир жарандын салымы баалуу жана маанилүү экенин кошумчалады. Бардык кыргызстандыктардын биримдиги, коомдогу улуттар аралык ынтымак, өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабагандык —  ийгиликтин негизи болоорун баса белгиледи.

«Биз коңшу өлкөлөр менен болгон достук мамилелерди баалайбыз. ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, КМШ сыяктуу интеграциялык биримдиктердеги бардык өнөктөштөр менен конструктивдүү саясий-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрөбүз. Өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын ыйык сактап, Батыштын да, Чыгыштын да өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелерди тереңдетебиз», — деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Ал максаттарга жетиш үчүн өлкөдө тынчтык, коомдо туруктуулук, элдердин ортосунда достук болушу керектигин белгиледи.

«Биздин өлкөбүз, келечегибиз, максаттарыбыз бир. Биргеликте ийгиликтерге жана чоң максаттарга жетишебиз. „Мен — кыргызстандыкмын“ деген мекенчилдик сезим ар бирибиздин жүрөгүбүзгө орногон адамдык дөөлөт, баалуулук болсун! Ынтымагы бар элдин, таалайы, багы ачылат. Ынтымагы жок элдин, тапканы бекер чачылат, — дегендей, биздин келечегибиз, биздин бактыбыз — Кыргызстандын көз карандысыздыгында, элибиздин ынтымагында!», — деп чакырып өттү Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков калайык-калкка, өлкөнүн ар бир атуулуна, сыртта жүргөн мекендештерге ден-соолук, ийгилик, бактылуу жана бакубат жашоо каалап, «өлкөдөн өткөн дөөлөт жок, кыргыз мамлекети — баарынан жогору, " — деп белгиледи.

Поделиться новостью: