КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:15 | 29 жалган куран

Президент Жээнбеков балеттин артисттери, жубайлар Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова менен жолугушту

Дата: 15:50, 14-11-2019.

Бишкек. 14-ноябрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков балеттин артисттери, жубайлар Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова менен жолугушту.

Мамлекет башчысы аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, бейформал маанайда баарлашты, алардын профессионалдык ишмердигине кызыкты.

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, Президент Сооронбай Жээнбеков бул алардын көп жылдык талыкпас эмгектеринин натыйжасы экендигин өзгөчө белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамы Мамлекеттик академиялык Мариинск театрынын Приморск филиалынын балет артисти Надырбек уулу Канатка ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Мамлекеттик академиялык Мариинск театрынын Приморск филиалынын прима-балеринасы Сапожникова Ирина Константиновна сыйланды.

Сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын өткөрүүгө даярдыктарга жигердүү катышкандыктары үчүн тапшырылды.

Буга чейин Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова өлкөдө жок болгондуктан, маданият ишмерлерине сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасына катыша албай калышкан.

Бул жолу алар СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган «Балет, балет…» аталышындагы балет искусствосунун эл аралык фестивалына катышуу үчүн Кыргызстанга келишкен.

Президент артисттерди үйлөнүшү менен куттуктап, аларга узун жана бактылуу үй-бүлөлүк жашоо каалады. Кыргызстанга көбүрөөк келип, жайкы эс алууну Ысык-Көлдө өткөрүүгө чакырды.

Поделиться новостью: