КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:49 | 18 чын куран

Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды

Дата: 16:21, 11-09-2019.

Бишкек. 11 - сентябрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Улуу Британия Королдугунун Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гарреттен, Казакстандын Элчиси Кайрат Нурпеисовдон, Малайзиянын Элчиси Хенди Ассандан, Армения Республикасынын Элчиси Гагик Галачяндан жана Индонезия Республикасынын Элчиси Сунарио Картадинаттан Ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Алардын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады жана өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөдө олуттуу салым кошооруна ишенимин билдирди.

Ар бир Элчи менен эки жана көп тараптуу өз ара аракеттенишүү маселелерин талкуулап жатып, Президент соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, саясий чөйрөдө, ошондой эле парламенттик демократияны өнүктүрүү, туризм жана инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын жана кызыкдарлыгын билдирди.

«Өлкөлөрүбүз ортосундагы калыптанып калган достук мамилелер мындан ары дагы өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүп, сиздер эки тараптуу аракеттенишүүнүн потенциалын өстүрүүгө, элдерибиздин ортосундагы достукту бекемдөөгө өз салымыңыздарды кошосуздар деп ишенем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Улуу Британиянын Элчиси Чарльз Гарретт Мамлекет башчысы менен кыргыз тилинде учурашып, жашап жүргөн өлкөнүн мамлекеттик тилин үйрөнүү — бул мамлекетке болгон урматтоонун белгиси болуп саналаарын белгиледи. Кыргызстандын өнүгүүсүнүн дал ушул кызыктуу баскычында дипломатиялык миссиясын өтөө ал үчүн абдан чоң ийгилик экенин баса белгиледи.

Индонезиянын Элчиси Сунарио Картадинат өз ара кызыгууну жараткан бардык тармактарда кызматташууну активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Ал жакында Индонезияда эл аралык ЭКСПО көргөзмөлөрү өткөрүлө турганын белгилеп, кыргызстандык ишкерлерди аларга катышууга чакырды.

Казакстан, Малайзия жана Армениянын Элчилери Президент Сооронбай Жээнбековду өлкөлөрдү мындан да жакындатууга максималдуу аракеттерди көрүшөрүнө ишендиришип, маселелердин эң кеңири спектри боюнча конструктивдүү жана активдүү кызматташууга даярдыгын билдиришти.

Поделиться новостью: