КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:00 | 29 жалган куран

Президент Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлери менен жолугушту

Дата: 16:15, 19-06-2019.

Бишкек. 19 -июнь. КирТАГ –  Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы кытайлык окумуштууларга кытай архивдик булактарынан кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын терең изилдеп, топтоп жана китеп кылып чыгаргандары үчүн терең ыраазычылык билдирди.

«Биринчи жолу былтыр Бишкекте, кийин Пекин шаарында жолугуп, кыргыз-кытай тарыхы тууралуу кеңири баян курдук. Андан бери бир нече айдын ичинде сиздер тараптан көптөгөн жаңы маалыматтар жана кыргыз тарыхын далилдөөчү андан ары дагы миң жылга чейинки маалыматтар табылды. Биз бул табылгалар үчүн өтө чоң кубанычтабыз», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал чогултулган материалдар илимий негизде, академиялык басылмадан жарык көрүп, аларды кеңири таркатуу зарыл экенин билдирди.

«Сиздердин кыргыз тарыхына кызыгып, изилдөөлөрдү жүргүзөбүз деп аракеттенүүңүздөргө дагы бир ирет терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мындан ары дагы биздин окумуштуулар сиздердин институт менен натыйжалуу иштей берүүсүнө тилектешмин. Мамлекет бул багытта бардык колдоосун көрсөтө берет», – деп белгиледи президент.

Кытай коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарых изилдөө институтунун кытай чет эл менен байланыш тарыхын изилдөө бөлүмү жана Евразия борборунун директору Ли Цзиньсю академия тарабынан кыргыздардын тарыхы жөнүндө басылып чыгарылган китеп Сооронбай Жээнбековдун түздөн-түз аларга болгон колдоосунун аркасы менен ишке ашканын белгиледи.

«Сиз менен 2018-жылы алгач жолугушканыбызда алдыбызга бир нече максаттарды коюп, ушул материалдарды китеп кылып чыгарабыз деген оюбуз болгон. Быйыл апрель айында Пекин шаарында дагы бир жолу Сиз менен жолугушканда Сиз тараптан колдоонун абдан чоң маанисин дагы бир жолу сезип, кубанычта болдук. Биздин бүгүнкү натыйжаларыбыз Кыргызстан жана Кытай мамлекет башчыларынын жеке колдоосу менен жасалган эки өлкөнүн окумуштууларынын эмгегинин үзүрү. Бул аткарган иштерибиздин башталышы гана», – деп айтты Ли Цзиньсю жана мамлекет башчысына, «Мурас» коомдук фондуна ыраазычылыгын билдирди.

Кытайлык окумуштуулар Президент Сооронбай Жээнбековго кыргыздардын тарыхы жөнүндө чыгарган китебин белекке беришти. Мамлекет башчысы жолугушууга келген окумуштууларга символикалуу белектерди тапшырды.

Эске салсак, архив документтерин биргелешип изилдөө боюнча Кыргызстан менен Кытай ортосундагы кызматташтык маселесин 2018-жылы июнь айындагы КР президентинин Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында эки өлкөнүн тийиштүү министрликтери талкуулашкан болчу.

Ошол эле жылдын август айында Кытай окумуштууларынын ушул эле тобу менен Сооронбай Жээнбеков Бишкекте жолугушкан.

Анда кыргыз тарыхына тиешелүү архив документтерин чогултуу жана которуу маселелери талкууланган. Мамлекет башчысы «Мурас» фондуна кыргыз элинин тарыхына тийешелүү КЭРдеги архивдик булактарды изилдөө үчүн кытай тарап менен кызматташууну улантууну тапшырган.

Кыяс Молдокасымов 2019-жылы Пекинге барып, КЭР Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сяньчунь менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлган.

Иликтөөлөрдүн натыйжасында жаңы табылган расмий кытай жазма булактары аркылуу кыргыз тарыхы дагы сегиз кылымга ары жылган.

Мындан тышкары, кытайлык окумуштуулар жазма булактарды иликтөөнүн жыйынтыгында Манчжу дооруна тиешелүү 2800 беттен турган архивдик документтерди табышкан.

Поделиться новостью: