КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:06 | 18 чын куран

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Билим берүү жана илим министрлигинин жамаатына жаңы министр Каныбек Исаковду тааныштырды

Дата: 14:52, 12-09-2019.

Бишкек. 12-сентябрь. КирТАГ –Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган Каныбек Исаковду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы айткандай, атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап билим берүү тутумун түзүү мамлекеттин башкы милдеттеринин бири болуп саналат.

«Өнүгүү үчүн ири сырьелук ресурстары жок өлкөлөр үчүн билим берүүнүн сапаты жана инсандык потенциалды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү өзгөчө маанилүү маселе болуп саналат», - деп белгиледи Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, билим берүү тутумунда маанилүү реформаларды ишке ашыруу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, инновацияларды киргизүү жана билим берүүгө инвестиция салууну активдештирүү зарыл экендигин баса көрсөттү.

«Ошондой эле мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү, алардын социалдык маселелерин чечүү жана билим берүү мекемелеринде заманбап материалдык-техникалык базаны түзүү жолу менен билим берүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү зор мааниге ээ.  Биз билим берүүгө каражат жумшоо аркылуу келечекке салым кошобуз. Билим берүүгө жумшалган ар бир сом келечекте ийгиликтүү экономика жана күчтүү социалдык чөйрөнү камсыз кылат», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле белгилегендей, бүгүн коом жана рынок мугалимдерге, биринчи кезекте чыгармачыл мамиле жана тутумдуу ой-жүгүртүүгө байланыштуу жогор

Поделиться новостью: