КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 5:58 | 19 чын куран

Премьер-министр Абылгазиев Сауд Аравиядагы «Camel Fest» этнофестивалынын жабылышына катышты

Дата: 12:47, 25-03-2019.

Бишкек. 25 март. КирТАГ –  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия Королчулугу) «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш аземине катышты.

Фестивалдын жабылыш салтанатында театралдаштырылган оюндар жана концерттик программа тартууланды.

Иш-чарага Сауд Аравиясынын королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд, Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед ибн Салман Аль Сауд, Дубай эмиратынын башкаруучу династиясынын мүчөсү Хамдан ибн Мохаммед Аль Мактум, дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү жана башка жогорку даражалуу меймандар катышты.

Өкмөт башчы ошондой эле «Camel Fest» алкагындагы «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалына катышкан Кыргызстандан барган чыгармачыл жамаат жана спорт өкүлдөрү менен жолугушуп, пикир алышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандыктардын көчмөн маданиятты жайылтуудагы чоң салымын, ошондой эле фестивалдын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгиледи.

«Сауд Аравия Королу иш-чараны уюштурууга кошкон кыргыз элинин салымын канааттануу менен белгиледи, мен өз кезегимде биздин каада-салт жана үрп-адаттарды көрсөткөнүңүздөр үчүн силерге ыраазычылык билдиргим келет. Башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү биздин артисттер өнөрлөрүн тартуулаганда суктанып турушту. Биздин элдердин маданиятынын кандайдыр бир окшоштугу бар, биз көчмөн маданиятынын нукура баалуулуктарын эң жогорку деңгээлде көрсөтө алдык», - деп баса белгиди ал.

Өз кезегинде артисттер жана спортсмендер өлкөнүн Өкмөтүнө ар кыл уюштуруу маселелерин чечүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Өкмөт башчыга маалымдашкандай, беш локациядан турган шаарча уюшулуп, мында фестивалдын коноктору күн сайын үрп-адаттар, салттар жана көчмөн маданияты менен тааныша алышты.

Поделиться новостью: