КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:00 | 29 жалган куран

Парламентте чегара маселелерине өзгөчө статус берүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүү сунушталды

Дата: 13:57, 19-09-2019.

Бишкек. 19 - сентябрь. КирТАГ – Жогорку Кеңеште чегара маселелерине өзгөчө статус берүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүү сунушталды. Демилгени «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев көтөрдү.

Депутат Төрөбаев чегара маселелерин чечүүдө өкмөт жетиштүү иш алып барбагандыктан чыр чыкканын белгиледи.

Буга чейин маалым болгондой, Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чегарасындагы маселени жабык караган. Депутаттарга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат берген.

Эске салсак, 16-сентябрда кыргыз-тажик чегарасында атышуу болуп, бир кыргыз жана үч тажик чегарачысы каза болгон.

Поделиться новостью: