КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 6:36 | 24 чын куран

Парламент башкы прокуратуранын жана «Белизгейт» боюнча УКМКнын отчету угууда

Дата: 17:04, 19-09-2018.

Бишкек. 19 - сентябрь. КирТАГ – Альбина Метерова. Жогорку Кеңеш башкы прокуратуранын жана «Альфа Телеком» (MegaCom) боюнча Белизден келген тарстык документтер тууралуу УКМКнын отчетун угуп жатат. Бул тууралуу КирТАГдын кабарчысы парламенттен кабарлады.

Жогорку Кеңештин жыйынына УКМКнын жетекчилери, башкы прокуратуранын өкүлдөрү жана КТРКнын директору катышууда.

Депутаттар Белизден (Борбордук Америка) келген трастык документтердин чоо-жайын сураштырды.

«УКМКга «Альфа Телеком» тууралуу трастык документтер келген эмес. Муну текшерген атайын комиссия  тастыктады»,деди - УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркулов.

Белгилей кетмек, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Альфа-Телеком» 51% акциясын сатуу боюнча Белиз өлкөсүнөн документ келгенин жарыялаган. Ал акцияга «Ата Мекен»дин депутаттарынын тиешеси бар экендигин айтып чыккан. Бирок башкы прокуратура комиссиянын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.


Эскек салсак, Абдил Сегизбаев УКМКны жетектеп турганда ( 2017-жыл 14-ноябрь) президент Алмазбек Атамбаевга Белизден (Борбордук Америка) “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова "Мегаком" деген аталыш менен белгилүү “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.

Поделиться новостью: