КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:03 | 29 жалган куран

Панкратов: Кыргызстанда 2019-2023-жылдары ИДПнын өсүүсү 3,2%-4% деңгээлинде болот

Дата: 16:43, 15-02-2019.

Бишкек. 15 - февраль. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №2377-VI токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планын бекитүү жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов баяндама жасады.

«Пландын алкагында белгиленген артыкчылыктар өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Бул кадамдар экономиканы чыңдоо, натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, экологиялык, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана улуттук өнүктүрүү программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган», – деди ал.

Анын айтымында, Планда белгиленген артыкчылыктуу багыттар боюнча милдеттерди чечүү үчүн жыл сайын тийиштүү чаралар жана аракеттер иштелип чыгат.

«Болжолдонгондой, макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо үчүн инфляция деңгээли 2029-2023-жылдар аралыгында бир орундуу көрсөткүчтөн ашпайт, ал эми ИДП өсүүсү түрдүү жылдары 3,2%-4% деңгээлинде болот. Орто мөөнөттүү бюджет саясаты бюджеттин дефицитин 2023-жылга карата 3%дан ашырбоого багытталган. Муну менен бирге күтүлгөндөй, жакырчылыктын деңгээли кыскарат жана 2023-жылга карата 20%дан ашпайт», – деп билдирди экономика министри Олег Панкратов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планы Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен иштелип чыккан.

«Иш-чаралардын беш жылдык Планы 2019-2023-жылдарга карата 118 милдетти жана 202 индикаторду камтыйт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасынын алкагында 103 инвестициялык долбоор түзүлгөн», – деди өкмөт башчы.

Талкуунун жыйынтыгында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык”программасын ишке ашыруу боюнча 2019-жылга кадамдык Планын, ал эми 2019-жылдын 31-декабрына чейин 2020-жылга карата планды бекитүүнү тапшырды.


Поделиться новостью: