Памирбек Асанов Ички иштер министринин орун басары болуп
Дата: 17:47, 13-08-2019.
Бишкек. 13– август. КирТАГ – Памирбек Асанов Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Асанов Памирбек Джумалиевич Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.